Маалыматтар базасында насыялык маалыматтын сакталуу мөөнөтүн 7 жылдан 5 жылга кыскартуу сунушталууда

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде насыялык маалыматтарды алмашуу жөнүндө, кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жана өлкөнүн социалдык фонду жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору каралды.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун айтымында, мыйзам долбоору насыялык маалыматтарды натыйжалуу алмашууну жүзөгө ашыруу максатында иштелип чыккан. Ал «Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө» мыйзамдарда кемчиликтер болгондугуна байланыштуу насыялык маалыматтарды алмашуу натыйжасыз болуп жатканын белгиледи.

«Колдонуудагы мыйзамдар насыялык маалыматтардын толуктугун, аныктыгын камсыз кылбагандыгын тажрыйба көрсөтүп турат. Насыялык бюролордо жарандын салык карыздары боюнча, камсыздандыруу төгүмдөрү жана пенсиялык чегеримдери боюнча карыздары тууралуу, ошондой эле кыймылдуу, кыймылсыз мүлктөрү жөнүндөгү маалымат жок. Ошондон улам, «Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө» мыйзамда насыялык маалыматты насыялык бюрого зайымчынын макулдугусуз өткөрүп берүүнүн милдеттүүлүгүн кароо сунушталып жатат», – дейт Толкунбек Абдыгулов.

Мыйзам долбоорунда насыялык бюронун маалыматтар базасында насыялык маалыматтын сакталуу мөөнөтүн 7 жылдан 5 жылга чейин кыскартуу сунушталууда.

Депутат Элвира Сурабалдиева банктардан насыя алуудагы терс маалыматтардын узак убакытка сакталуусу жарандардын нааразылыгын туудуруп жатканын белгиледи. «Банктардын «кара тизмесине» кирип калган жаран бул аралыкта насыя алуу укугунан ажырайт. «Кара тизмеге» кирген жаран менен анын никеге турган жубайы да мындай укукка ээ боло албай калууда. Бул мөөнөттү кыйла азайтуу кажет», – дейт депутат.

Иштеп жаткан мыйзам насыяны төлөөнүн мөөнөтүн бир аз бузган, бирок жыйынтыгында насыянын бардыгын төлөп бүтүргөн же өзүнүн насыя төлөөчү жөндөмүн жогорулаткан зайымчынын мүмкүнчүлүгүн чектеп койгон учурлар көп. Жалпысынан алганда, насыя берүүнүн субъектилери жөнүндө ишенимдүү жана анык насыялык маалыматты топтоонун жана алмашуунун натыйжалуу системасынын болушу жеке жана юридикалык жактардын төлөөдөгү тартибин жогорулатат да, насыя берүүчү мекемелердин ишине оӊ таасир тийгизет.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru