Маданият кызматкелерине бир бөлмөлүү батир бекер берүү келишимине кол коюлду

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен курулуш компанияларынын бири кыймылсыз мүлктү бекер өткөрүп берүү боюнча келишим түзүштү. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин башчысы Нуржигит Кадырбеков кол койгон келишимге ылайык, курулуш компаниясы келишимге кол коюлгандан кийин  үч жылдын ичинде Маданият министрлигинин кызматкерлерине  бир бөлмөлүү батирден бекер берүүгө милдеттенет.

Министрлик атайын комиссия түзүп, квалификациялык талаптарга ылайык турак жайга муктаж талапкерлерди карайт. Комиссиянын протоколун жана маданият кызматкерлеринин тизмесин алгандан кийин,  компания тизмеден эки кызматкерди тандап алат. Катышуучулардын арыздарын кароодо турак жайга артыкчылыктуу укук беш жана андан ашык балдары бар көп балалуу үй-бүлөлөргө, ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды тарбиялаган адамдарга, үч жана андан ашык балдарды тарбиялап жаткан жалгыз бой энелерге, жеке турак жайы жана жер участогу жок майыптарга, маданият, искусство жаатында жөндөмүн көрсөтүп, эл аралык фестивалдарда жана сынактарда байгелүү орундарды ээлегендер тандалат

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru