Маданият-Жалал-Абад жолунун 12 чакырымына асфальт төшөлүп бүттү- (ФОТО)

Аталган жолдун быйылкы жылга карата белгиленген Сузак жана Базар-Коргон райондорунун аралыгындагы 20 чакырым жолго асфальт төшөлөт. Азыркы учурда анын 12 чакырымында жумуш аяктады. Бүгүн иш ыргагы менен өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев барып таанышты.

Мында аткаруучу компаниянын өкүлдөрүнө казылган жол ары-бери каттагандарга тоскоолдук жаратып жаткандыктан, мөөнөтүндө жана сапаттуу бүткөрүү керектигин белгиледи.

Жол оңдоого Евразия реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы 60 млн. доллар каражат бөлгөн. Анын тендердик наркы 51,6 млн. доллар деп бааланып, жумушту азербайжандык «Азвирт» компаниясы аткарууда.

Leave A Reply

Your email address will not be published.