народный

Майлуу-Сууда жаштар арасында спорттук мелдештер өткөрүлдү

Майлуу-Сууда жаштар арасында студенттерди мекенчилдикке үндөгөн спорттук таймаш өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Майлуу-Суу шаардык ички иштер башкармалыгы шаардагы Борбордук Азия колледжи менен биргеликте Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата “А ну-ка парни” аталышындагы турнир өткөрүштү. Таймашка 8 команда катышып, жеңүүчүлөргө грамота жана баалуу белектер ыйгарылды.

Милиция кызматкерлери жаштарга кылмыштуулуктун алдын алуу багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, мекенди сүйүүгө жана коргоого чакырышты.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru