народный

Майып балдары бар энелер коомчулуктан жардам күтөт

Бул тууралуу  “коом press”сайтына  «Нурбулак»  майып балдарды колдоочу коомдук фонддун жетекчиси  Ширин Сыргакова билдирди:

«Биздин фондоо жалпысынан 170 эне бар. Бул алардын колунда 170 майып бала бар дегенди билдирет. Коронавируска байланыштуу баарынын иши токтоп калды. Көпчүлүк энелер үйдөн кийим тигип иштечү. Баары токтоп калды. Азыр болсо батирдин акчасын төлөгөнгө, балдардын тынымсыз ичкен дары дармегине акча таппай калышты. Жок дегенде эле памперстери жок. Билесиздер, майып балдар памперссиз жашай албайт. Аларга тамак-ашты дагы күчтөндүрүп бериш керек. Эмне кылаарыбызды билбей деле калдык. Коомчулуктан, кайрымдуу адамдардан жардам күтөбүз. Эгер байланышабыз дешсе, менин номерим 0505028262, 0555028262. Күнү-түнү байланышта болом»-дейт ал.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru