Макрон Франциянын эпидемиянын экинчи толкунунун курч маалынан чыкканын билдирди

Франция ушул ишембиден тартып коронавируска байланыштуу киргизилген чектөөлөрдү жумшартат. Бул тууралуу 24-ноябрь күнү кечинде элге кайрылуусунда француз президенти Эммануэл Макрон билдирди. Анын айтымында, Францияда эпидемиянын экинчи толкунунун курч мезгили артта калды.

Эми өлкөнүн жарандары өз үйлөрүнөн 20 чакырымга чейин үч саатка чейин сейилдөөгө чыга алышат. Ошондой эле 30дай кишиге диний жөрөлгөлөр үчүн чогулганга уруксат берилет. Мындан сырткары дүкөн, китепкана жана тейлөө кызматтары кечки саат 9га чейин иштейт.

Бирок өлкөдөгү кафе-бар, ресторандар жабык бойдон калмакчы. Мындай чаралар 15-декабрга чейин күчүндө болот. Эгер коронавирус жуккандар жана оор абалдагылар азайса бийлик чектөөлөрдү жумшартуунун кийинки этабына өтүшү мүмкүн. Анда тургундарга өлкөнүн бир аймагынан экинчи аймагына тоскоолдуксуз барууга, Рождество менен Жаңы жылды бирге тосууга уруксат берилет.

«Биз үчүнчү толкунду жана үчүнчү карантинди болтурбаш үчүн колдон келгендин баарын жасашыбыз керек», – деди Макрон.

Ошондой эле президент декабрдын аягы, январдын башынан тартып бийлик жарандарды коронавируска каршы эмдөөнү баштай турганын жарыялады. Анда эң алгач болуп пенсионерлер менен вирусту жугузуп алуу коркунучу жогору топтогу адамдар эмделет. Макрон бул вакцинация милдеттүү түрдө болбой турганын кошумчалады.

Францияда экинчи жолку локдаун бир ай мурун киргизилген. Францияда эки миллиондон ашык адам вирус жугузуп, 50 миң адам каза болду.

Leave A Reply

Your email address will not be published.