Максат Абышкаев, Жалал-Абад санаториясынын директору: “Мирбек Асанакуновдун айынан профсоюздун иши токтоп калды”

–Максат мырза,  профсоюздар федерациясынын Төрагасы  Мирбек Асанакунов айланасында болуп жаткан ызы-чуулардын баарына сизди күнөөлөп жатат, бул туурабы?

–Жок, мен бул жалаа жабууга  100% каршымын. Мирбек Асанакуновду профсоюздар федерациясынын директорлор кеңеши иштен алгандан бери, эмне кылаарын билбей жатат. Акыры мени айыптаганга өттү.  Билесиздер, ал өмүрү профсоюздар тармагында иштебеген адам. Анан асмандан түшүп келип бизди башкарууга анын акысы жок.  Мен анын бетине эле бул тармакта иштей албасын, каршы экенимди айткам. Жалал-Абаддагы профсоюздар комитетинин мүчөсүмүн демек, айтууга акым бар. Санаторияны каалагандай башкарууга аракет жасай баштады эле, мен болбой койдум. Баары мыйзам чегинде болушу керек.  Акчаны чача берген да болбойт. Кылган иштеринин баары мыйзамсыз.   Азыр болсо федерация экиге бөлүнүп, иштер таптакыр токтоп калды.

–Экөөңүздөрдүн ортоңуздарда акча талаш болду беле?

-Жок, акча талашкан жокпуз. Акча эмес, санаторияга көзү кызарып эмне кылаарын билбей калды. Ишенсеңиздер таптакыр иштей албаган абалга келдик.  100 жолу текшертип эч нерсе тапкан жок. Издесе деле таппайт болчу. Себеби мен мыйзамсыз иштеген жокмун. Мирбек Асанакунов өзү мыйзамсыз иштеп, кабинетти бошотпой кырылышып олтурат. Уят, аксакал башы менен ал ишти жасабаш керек болчу.

–Мындан аркы кадамыңыз кандай болот?

–Асанакунов милицияларга жамынып кабинетти ээлебей бошотсун. Ошондо аз болсо да сыйы калат. Ошол эле учурда ал жерди башкарууга акысы жок. Тажырыйбалуу адамдар көп, алар деле Төрага болуп эң сонун иштей алышат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru