Максат Ажы Токтомушев: “Элимдин тынчтыгы үчүн үчүн унчукпай келгем, эми айта турган учур келди”

Кыргызстандын мурдагы муфтийи Максат ажы Токтомушев  интернетке тарап жаткан видео боюнча социалдык тармагына билдирүү калтырды:

“”Ассаламу алейкум рахматуллохи ва баракатуху, Кыргыз элим. Сиздерге ушул кайрылууну жазууну туура көрдүм, окуп коёсуздар деп ишенем.

Буюрса, өлкөбүздүн тынчтыгы үчүн көп нерселерди айтпай келдим эле. Мына бүгүнкү видео тууралуу бир гана нерсени суранмакмын, шашылыш чечим чыгарбай эч кандай ойго келбей туруңуздар. Мен дагы ал видеого комментарий бербей турмакчымын. Себеби бул видеону ар түрдүү кылып кыркып, тескери мааниге ээ кылышыптыр.

Элибиздин тынччылыгы үчүн мен көп нерсеге көз жумуп келгем. Эми биз деле айта турган күндөр келиптир. Ошондуктан алдын ала адамды каралабай, сын такпай, бир аз сабыр кылып туруңуздар сураныч. Акыйкат сөзсүз келет. Ошондо анан сөздү да айтабыз, сиздерди да угабыз.

Түшүнүп турганыңыздарга терең ыраазычылык билдирем. Аллах Таалам жүзүбүздү жарык кылсын жана жүрөктөрдү ыйманга толтурсун. Жай эс алыңыздар. Сиздерди колдойт деп ишенем”, – деп жазылат Токтомушевдин кайрылуусунда.

Leave A Reply

Your email address will not be published.