Максат ажы кайрадан муфтий болуу ниети бары жогун ачыктады

Бул тууралуу  Максат ажы Токтомушев “коом press” сайтына билдирди:

«Учурда муфтийлик кызматты аркалайбыз дегендер аябай көп.  Келечекте муфтий болом дегендердин катарында бейиши болгур Чубак ажы  да бар болчу. Учурда дагы муфтий болгусу келип жүргөн бир нече динге кызмат кылган азаматтар бар. Убагы келе берсин, албетте катышууну ачыктайбыз. Азыр өлкөнүн президенттик шайлоону өткөрүп алуусун күтүп жатабыз. Баардыгы мыйзамдуу жолго түшсө, президентибизди башка өлкөлөр куттуктап, тактысына келип алса анан көрө жатаарбыз.  Негизи курултай апрель айында болот. Азыртан эле муфтий болчулардын арасында интрига башталды деген сөз жалган.  Аллах буюрса аалымдар кеңеши менен бирге акыйкат өтөт»-деди ал.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru