народный

Максатбек ажы Токтомушев, Кыргыз Республикасынын муфтийи: “Жума намазга тыю сала албайбыз”

–Максат ажы, коронавирус жайылып кетпесин деп саламаттыкты сактоо министрлиги мусулмандарга коопсуздук үчүн жума намазды мечиттен эмес, үйдөн окууга чакырды. Кандай комментарий бересиз?

Бул таптакыр мүмкүн болбой турган нерсе. Жума намаз мусулмандардын аябай күткөн күнү, майрам. Ал күнү жумага келбе деп эч кимге тыю салып же өтүнүч кыла албайбыз. Үйдө эмес, мечиттерде жамаат менен бирге окулуучу намаз. Жөнөкөй күндөрү мечиттерге анчалык эл чогулбайт. Алладан корккон мусулман эркектер бул күнү мечиттерге келүүнү күтүшөт, кубанышат, ага барба дегенге шарият жол  бербейт.

–Саламаттыкты сактоо министри бүгүн  өзү сиздер менен дагы бул боюнча сүйлөшүү жүргүзөбүз деп айтты.

— Вирустун алдын алууга Ислам дини каршы эмес. Жакшылыкты Жараткан Алла Тааладан тилеп, ар бир инсан өзүнө сак болсо, өзүбүзгө жана мамлекетибизге жакшы. Бирок бир гана жума намаз учурунда коронавирус жугат деп, тыю салуу туура эмес түшүнүк.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru