Максат Кулуев: «Азаттыкта тоону көзөп өтө турган көздүү, көкүрөктү жарып чыккан сөздүү саясатчылар бар»

Жылдан ашык мамлекеттик маданий ишканаларда ар багытта иштедим. Бул тармакта көп көйгөйлөр бар. Искусство элге таандык деп айтылган. Ар бир мамлекеттин өзүнүн тили, жүзү болот. Дүйнө элин бири-бири менен тили жок байланыштырган бул маданият. Маданият саясатын мыктылап жүргүзгөңдө гана  коңшу-колоң, башка мамлекеттер менен алакабыз жакшы болот. Саясат менен маданият куштун кош канатындай экенидигин эстен чыгарбообуз керек.  Эч убакта маданиятты жетимсиретип турсак бийиктике жете албайбыз.

Маданият тарамагында башкалардай болуп чоң ийгилик жаратып алсам болот эле. Бирок, мен кошомат кылганды же чуркап барып кой сойо калып сыйлаганды билбейм. Өзүмдүн өнөрүм менен гана жашап келем.  Ошондуктан бул сапатымды эли-жерим үчүн арнагым келди.

Парламентке барганда кой оозунан чөп албаган момун, жоош болуп отуруп калышат. А бул жерде тоону көзөп өтө турган көздүү, көкүрөктү жарып чыккан сөздүү саясатчылар бар.  Мындай инсандар парламентке керекМына ушундай ага-эжелеримден сабак алгым келди . Ошондуктан «Азаттык» партиясына кошулуп талапкерлигимди коюп жатам. Кудай буйруп биздин партия шайлоодо жеңип калса улуттук маданиятты көтөрүүгө аракет кылам. Анткени өнөрү болбой эл болбойт.

Изготовитель:«Koom.press» Адрес: г.Бишкек, проспект Манаса №64. Заказчик: ПП «Демократическая партия «Азаттык» (Видео) Изготовлено: « 26 ноября 2021 года. Оплачено из избирательного фонда Политической партии «Демократическая партия «Азаттык» уполномоченным представителем по финансовым вопросам Токтосуновой Гулирой Базаровной (регистрационное свидетельство №34 от 03.09.2021 года).

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru