народный

Максат Мамытканов депутаттардын суракка чакырылганы боюнча суроого жооп берди

Вице-премьер-министр Максат Мамытканов Жогорку Кеңештин депутаттарынын 5-6-октябрдагы окуяларга байланыштуу суракка чакырылып жатканы тууралуу ММКлардын суроосуна жооп берди.

«Мен аларды кандай максатта чакырып жатышканын билбейм. Мен укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө жооп бербейм. Ал жакта тергөө жүрүп жатат, андан тышкары тергөөнүн купуялыгы деген түшүнүк бар», – деди Мамытканов.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев, Мирлан Жээнчороев жана Рыскелди Момбеков ИИМге Бишкек шаарындагы 5-6-октябрдагы окуялар боюнча суракка чакырылганы тууралуу маалымат пайда болгон.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru