Максатбек Сазыкулов Бишкек шаарынын вице-мэри болуп дайындалды

 Сазыкулов Максатбек Шекербекович Бишкек шаарынын турак жай-коммуналдык чарба боюнча вице-мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кол койду.

Буга чейин бул кызматты Биринчи май районунун акими болуп дайындалган Жамалбек Ырсалиев ээлеп келген.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru