народный

Маматаир Кармышаков дүйнөдөн кайтты

21-октябрда 60 жаш курагында, Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгынын башчысы, юстициянын отличниги, 1-класстагы юстиция кеңешчиси Маматаир Мадимарович Кармышаков 60 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Кармышаков Маматаир 24 жыл бою юстиция органдарында иштеген. Президенттин жекече сааты менен сыйланган, бир катар мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарга ээ. Ал 1960-жылы 10-августта Ош шаарында төрөлгөн. 2002-жылы Ош мамлекеттик университетин аяктаган. Эмгек жолу: 1984-1985 – Ош облустук элдик чыгармачылык жана маданий билим берүү илимий-методикалык борборунда башкы инженер; 1985-1986 –Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын ички иштер органдарында кызмат өтөгөн; 1987 – 1989 – Ош гуманитардык-педагогикалык институту, комендант; 1989-1991 – Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун административдик бөлүм, директордун орун басары; 03.11.1993-27.08.1996 – Кыргызпотребсоюздун универсалдуу соода базасы, Кыргызпотребсоюздун универсалдуу соода базасы, кампа башчысы; 1997 – 2002 – Юстиция министрлиги, юридикалык жактарды каттоо департаменти, бөлүмдүн башчысы; 1996-1997 – Юстиция министрлиги, Ош облусунун Юстиция башкармалыгы, массалык маалымат каражаттарын жана диний уюмдарды каттоо боюнча башкы адис; 2002-2003 – Ош облусунун Юстиция министрлиги, Юстиция министрлиги, бөлүм башчысынын орун басары; 2003-2003 – Юстиция министрлиги, Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо департаменти, бөлүмдүн башчысы; 2010-2010 – Юстиция министрлиги, Талас облусунун Юстиция башкармалыгы, бөлүм башчысы; 2010-2012 – Юстиция министрлиги, Ош облусунун Юстиция башкармалыгы, бөлүм башчысы; 2012-2015 – Юстиция министрлиги, Нарын облусунун Юстиция башкармалыгы, бөлүм башчысы; 2015-2018 – Юстиция министрлиги, Баткен облусунун Юстиция башкармалыгы, бөлүм башчысы; 2018-2020 – Юстиция министрлиги, Жалал-Абад облусунун Юстиция департаменти, бөлүм башчысы.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru