Мамэкотехинпекциясынын кызматкерлери пара алып жаткан учурда кармалды

Мамэкотехинпекциясынын кызматкерлери пара алып жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 6-мартында УКМК Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Экологиялык жана техникалык мамлекеттик инспекциясынын Талас областындагы башкармалыгынын башкы инспектору А.К. жана инспектору З. у. С. пара алып алып жаткан учурда кармалышты.

Такталгандай, жогорудагы аталган адамдар жеке ишкананы текшеребиз деген шылтоо менен ишкерден акча талап кылышкан.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru