Мамлекетке 1 млрд сом зыян келтирген Тимур Шамбетов кармалды

Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Сот Өкүлчүлүктөрүнүн Борборунун мурдагы директору Тимур Шамбетов кармалды.  Бул маалыматты Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы тастыктады.

 «Борбордун мурунку жетекчиси Каржы полициясынын кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен кармалган.  Тергөөнүн жүрүшүндө Сот Өкүлчүлүктөрү Борборунун жана Финансы министрлигинин кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекеттик бюджетке өзгөчө ири көлөмдө 12 миллион доллардан ашык сумма (1 миллиард сомдон ашык) зыян келтирилгендиги аныкталды », – деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы Сот Өкүлчүлүктөрү Борборунун кызмат адамдары жана айрым кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнү улантууда. 

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru