Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан 110 миң аз камсыз болгон үй-бүлөгө 5,4 миң тонна ун таратылууда
Кыргызстанда мамлекеттик материалдык резервдер фондунан 110 миң аз камсыз болгон үй-бүлөгө 5,4 миң тонна ун таратылууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров билдирди.
“Министрликтин райондук башкармалыктарынын кызматкерлери тарабынан муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн кайрылуулары боюнча демөөрчүлөрдүн, кайрымдуулук уюмдарынын, жеке адамдардын эсебинен азык-түлүктөр жана коргоо каражаттары үйлөрүнө чейин жеткирилүүдө”-деди ал.