Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан 585,5 тонна ун бөлүндү

Баткен облусуна мамлекеттик материалдык резервдер фондунан 585,5 тонна ун бөлүндү. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Ундун 104 миң 400 кг Лейлек районуна жеткирилип, 2 миң 88 үй-бүлөгө, 12 тонна 800 кг Сүлүктү шаарындагы 256 үй-бүлөгө таратылды.

“13-апрелде Баткен району жана Баткен шаарына 220 тонна ундун келиши күтүлүүдө. Андан кийинки этапта Кадамжай району менен Кызыл-Кыя шаарына алып келүү пландаштырылган”, – деп айтылат маалыматта.

Материалдык резервден келген ун облустагы муктаж үй-бүлөлөргө таркатылып, анын бөлүштүрүүсүн атайын комиссия көзөмөлгө алууда.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru