“Манас” аэропорту Чүйдөгү мектеп- интернатына кайрымдуулук жардам көрсөттү

«Манас» эл аралык аэропорту  Чүйдөгү жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдары үчүн мектеп-интернатына кайрымдуулук жардамын көрсөттү.

 Аэропорттун басма сөз кызматы билдиргендей, мезгилдүү суук түшүп, тиричилик техникалары, ошондой эле жылытуучу шаймандар иштен чыккандыгына байланыштуу, «МАМ» ААК интернатка 2 кир жуугуч машина, 4 кургаткыч жана 20 конвектор (жылытуучу шайман) белек кылды.

 Маалымат үчүн: Чүй мектеп-интернаты 1958-жылы курулган.  Бул Чүй облусундагы эң чоң мектеп-интернат.  Азыр анда 150 жетим, жарым жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар бар.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru