“Манас” аэропортунан мыйзамсыз өлкөгө кирүүгө аракеттенген жаран кармалды

12-ноябрда “Манас-аэропорт” өткөрүү пунктунун чек арачылары мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын жаранын кармашты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалыматка караганда, аял Кыргызстанга Стамбул-Бишкек каттамы менен келген. Паспорттук текшерүүдөн өтүп жатканда чек арачыга 1979-жылы туулган С.А.нын атындагы  документти көрсөткөн.

Паспортту текшерүү учурунда чек арачылар документке  башка бирөөнүн фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган жылы киргизилгендигин аныкташкан.

Атайын текшерүү учурунда идентификациялык маалыматтар башка адамга таандык болуп, кармалган Кыргызстандын жараны 1978-жылы туулган И.Н. болуп чыкты.

“Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган адам Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине кошумча иликтөө иштери үчүн өткөрүлүп берилди»,-деп айтылат маалыматта.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru