“Манас” аэропортунун жамааты Бакыт Сыдыковду кабыл алды (ВИДЕО)

“Манас” аэропортунун жетекчилигин талашкандар кантип манипуляция кылып жатат? Коллектив Бакыт Сыдыковду кабыл алышты.

Бүгүн, Фейсбукта Лира Усубалиева аттуу интернет колдонуучу “Манас” аэропортунун жетекчиси болуп барган Бакыт Сыдыковду эмгек жамааты кабыл албай, каршы чыкты деген видео жарыялады. Ал атайын жалаа жабуу максатында даярдалган видео болчу. Эмесе окуя кандай болгон фактылар менен айтып берели.

  1. Жетекчилик кызмат башында талашка түшкөн, авиа тармагына тийешеси жана түшүнүгү жок айрым жаштар күч менен басып алууну максат кылышкан. Кийин, көп жылдан бери авиация тармагында тажрыйбасы бар Бакыт Сыдыков жетекчи болуп барып, жалпы коллектив менен жолуккан. Ошол учурда атайын даярдалган 10 чакты адам, “биз каршыбыз, кабыл албайбыз”-деп кыйкырып, провокация уюштуруп аны видеого тартып алышкан. Лира Усубалиева таратып жаткан видеонун кесиндиси ошол.
  2. Кийин, ал жерде жыйынга катышып жаткан 200дөн ашык адам Бакыт Сыдыковду угуп, акырында колдоп, кол чаап кабыл алышкан.
  3. Эмнеге мындай чагымчыл видео таратып жатат? Себеби, дагы деле үмүтү өчө элек баскынчылык кылгандар “мына Бакыт Сыдыковду кабыл албай жатат”-деген жасалма пикир жаратып, өздөрү ордуна баргысы келип жатат.

👇Төмөндөгү видеону көрүп, чындыгында кандай болгонун көрсөңүздөр болот. “Жаштар келсин” деген куру кыйкырык менен, авиатармагын түшүнбөгөн мадыра баштар келип, Эл аралык аэропортту 2 күндө талкалап салбагыла. Бакыт Сыдыков бул тармактын адиси жана коллектив кабыл алган легитимдүү жетекчи!

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru