народный

Манасчы Дөөлөт Сыдыков Гиннес китебине качан катталаары белгилүү болду

Дөөлөт Сыдыковду  Гиннес рекорддор китебине каттоого 3-4 ай кетет. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Элнура Кулуева билдирди.

Буга чейин Манасчы 14 саат 27 мүнөт 51 секунд ичинде эпосту тынымсыз айтып, рекорд койгон. Элнура Кулуева аны Гиннесстин рекорддор китебине катташ үчүн татаал процедурадан өтүү керектигин тактады.

“Биз азыр иш-чара жөнүндө даректүү тасма даярдап, эксперттердин комментарийлерин чогултуп жатабыз. Андан кийин тасманы англис тилине которобуз, ошондон кийин гана комиссиянын кароосуна жиберишибиз керек. Расмий жыйынтыкты 3-4 айдан кийин алабыз », – деди Кулуева.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru