Манасчы Дөөлөт Сыдыков «Гиннес» рекорддор китебине кирүү үчүн «Манас» айтып баштады
Бүгүн, 12-ноябрда, Манасчы Дөөлөт Сыдыков «Гиннес» рекорддор китебине кирүү үчүн «Манас» айтып жатат. Иш-чара саат 09:00дө борбордук «Ала-Тоо» аянтында башталды.
Белгилей кетчү нерсе, манасчы 12 сааттан аз эмес токтобой манас айтарын билдирген. Манасчыга ыңгайлуу болуусу жана жалпы элге көрүнүп туруусу үчүн аянтка бийиктиги жана узун-туурасы беш метр келген айнек боз үй тигилди.
Дөөлөт Сыдыков Кыргызстандагы белгилүү манасчылардын бири. Буга чейин бир катар сынактарга, фестивалдарга катышып, байгелүү орундарды багындырып келген.