народный

Марат Нуралиев, “Аск Трэвел КГ” компаниясынын башкы директору: «Умрага 120 адамды жибере албай калдык….»

Марат  Нуралиев, “Аск  Трэвел КГ” компаниясынын башкы директору: «Умрага  120 адамды жибере албай калдык….»

–Марат Абдыкеримович, коронавирустан улам Сауд Арабия Умра сапарга кетчүлөрдү кабыл албайт экен. Сиздердин компанияда дагы жөнөп кете тургандар бар беле?

–Ооба, биздин компания бүгүн  Умра сапарына 120 кишини жөнөтмөк. Капыстан эле коронавируска байланышттуу сапарга чыккандарды Арап өлкөсү кабыл албайт экен деген маалыматты бүгүн эртең менен алдык. Чынын айтканда биринчи ишенген жокпуз. Анан өзүбүздүн Мекке шаарындагы өнөктөштөргө, элчиликтерге байланышып тактасак, бул маалымат чын экен. Эгерде жок дегенде он күн мурун айтышса, биз адамдарды кабыл албай турмакпыз. Өтө чукулдан таратылган кабар баарыбызды бир паста түйшүккө салды. Биздей компаниялар аябай көп да.

–Умра сапарына барып келүү үчүн жарандарыбыз  жалпы канча доллар сарпташат?

–Биздин компания 1100 доллардан жиберет. Визаны албетте өздөрүнүн элчилиги ачат. Алдын ала мейманканалар, гиддер, котормочулар, учактын билеттери баардыгы алынат. Эми алардын баары күйүп кетти.  Мунун убактысын жылдырып турууга да болбойт. Убагында барып, убагында кетиш керек эле. Эмне кылаарыбызды билбей олтурабыз.  Мунун баардыгы ошол 1100 доллардын ичинде болчу. Чындыгында улам чыгым болуп жатып компанияга укмуш деле акча артпайт. Ошентсе да Умрага адамдарды жиберүүгө аракет жасап жатканбыз.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru