Марат Пирназаров «Унаа» мекемесинин директору кызматынан кетти

 Марат Пирназаров Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Унаа» мамлекеттик мекемесинин директору кызматынан бошотулду.  Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайтында маалымдалды.

 Белгиленгендей, тиешелүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров Пирназаров берген арызга ылайык кол койду.

Пирназаровдун ордуна Тумунбаев Турусбек Тогузбаевич Өкмөткө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Унаа» мамлекеттик мекемесинин директору болуп дайындалды. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, тийиштүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койду.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru