Марлен Маматалиев, Жогорку Кеңештин депутаты: “14 миң айдоочуга протокол түзүлгөн эмес…”

–Марлен Абдырахманович,  оор жүк ташыган авто унаалардын  мыйзам бузуусун алдын алуу үчүн мыйзам жазып чыктыңыз. Мыйзам менен транспорт тармагындагы коррупцияны, жолдо жүрүү эрежелериндеги алешемдиктерди жоё алабызбы?

–Буга чейин мындай мыйзам жоктугунан көптөгөн эреже бузуулар орундалып келгенин жашыра албайбыз. Жөнөкөй эле мисал,  2019-жылдын статистикасын карасак, оор жүк ташуучу унаалар жалпысынан 20 миң ирээт мыйзамды бузушкан. Ашыкча салмактагы жүктү алып өтүп, жолдорду талкалап, каалагандай жүрө беришкен. Алардын ичинен 6 миң гана унаага протокол түзүлүптүр. Калган 14 миң айдоочуга эмнеге протокол түзүлбөй калганы белгисиз. Транспорт министрлиги бул жөнүндө жооп бере алышкан жок. Ошондуктан мен сунуштаган мыйзам ишке кирсе, бир топ мыйзам бузуулар токтоп, бюджетке да бир нече миллион сом акча түшмөк.

–Баса, министр арыз жазыптыр, ал кетсе ордуна кимди сунуштайсыздар?

–Ооба, акыркы жолку болгон окуялардан улам арыз жазганын уктук. Бирок отставкасы кабыл алынбаптыр.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru