Марлен Маматалиев, Жогорку Кеңештин депутаты: “Башка жардамга муктаж пенсионерге мага чейин эч ким жардам бербептир”

 Депутат Марлен Маматалиев кайрымдуулук иштерин  социалдык өнүктүрүү министрлиги аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардамдарды өздөрү таратыш керек деген пикирин айтты. Мындан сырткары ал өкмөткө бир нече сунуш берди:

Азыркы күндө коронавирус илдетин жугузуп алган жарандардын саны кескин өсүп жатканына байланыштуу төмөнкү сунуштарды берет элем.

☑️ Коменданттык саат убактысын башталышын саат 20:00 саат 18:00 жылдырууну❗

☑️ Жарандардын азык-түлүк алуу үчүн базарларга, соода түйүндөрүнө, дүкөндөргө барганда дагы деле көпчүлүк чогулганын жана маскалары жүргөндөрүн көрүүдөбүз, кол каптарды айтпаганда дагы. Азык-түлүк алып жатканда кардарлар аларды кол капсыз кармалап көрүп тандап алышат, бул илдеттин азык-түлүк аркылуу таралышынын бир жолу. Ошого байланыштуу жарандар көп чогулган жерлерде аларды чектеп киргизүүнү, аралыгындагы дистанцияны сактоону, сөзсүз түрдө сатып алуучулардын маска жана кол кап кийүүсүн көзөмөлгө алуу керектигин❗

☑ Калктын аярлуу катмарларына ыктыярчылар тарабынан көрсөтүлүп жаткан жардамдарды баарына тең жетишин көзөмөлдөө үчүн Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги өз карамагына алуусун. Анткени эч ким муну көзөмөлдөбөйт. Мен жардам берип жаткан адамга мага чейин дагы жардам берилгенине өзүм күбө болдум. Башка жардамга муктаж пенсионерге болсо мага чейин эч ким жардам бербептир. Ошондуктан бардык жардамга муктаж адамдарды толук камтыш үчүн жардам берүү процесси дагы көзөмөлгө алынышы керек. Андан сырткары алыстан жардам көрсөтүүнү уюштуруу керек – көптөгөн адамдардын үйүнөн чыкпай жардам берүүгө мүмкүнчүлүгү жана каалоосу бар❗️

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru