народный

Мас абалында унаа башкарып бара жаткан жаранга 17 миң 500 сом айып салынды

Бүгүн, 17-апрелде Нарын шаары жана Ат-Башы району боюнча комендант Уланбек Аалиев онлай маалымат жыйынында коменданттык сааттын талаптарын бузган жарандар тууралуу маалымат берди.

“Нарын шаары боюнча 6 жаран кармалды. Анын ичинен бир адам мас абалында унаа башкарып бара жаткан жеринен кармалды. Бузуулар кодексине ылайык, ага 17 миң 500 сом айып салынды. Анын унаасы айып короосуна токтотулду. Мас абалында жүргөн дагы төрт жаранга айып салынды. Ат-Башы району боюнча алсак, 6 жаран кармалса, анын ичинен 2 адам мас абалында автоунаа айдагандар”, – деди комендант

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru