“Машинаны каалаган жерге токтотпоңуз, жүктөп кетебиз” Кайгуул кызматы айдоочуларды эреже бузбоого чакырат.

Бул тууралуу “коом press” сайтына милициянын кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Айткул уулу Байгазы билдирди:

 “Айдоочуларга карантин экен, боло берет”-деп каалаган жерге машиналардын токтотуп кетпөөнүү эскертет элек.  Себеби кырдаалга байланыштуу жол эрежелери жокко чыккан эмес. Интернет баракчаларында ызы-чуу болуп аткандар алар туура эмес жерге машина коюп каалаган жагына кирип кеткендер. Андайлардын машинасын жүктөп кетип жатабыз. Туура түшүнүңүздөр. Шаарга  уруксат кагазы жок чыккандар, токтотууга болбой турган жерге унаасын коюп койгондор, жана айып пулду төлөбөй кеткендердин унаасын жүктөп кетебиз. Анткени азыр баары электрондошуп калган. Биздин кызматкерлер планшет менен жүрүшөт. Унаанын номери аркылуу эле айып пулу бар жогун билип коюшат. Дагы бир эскертүү, учурда коопсуздук камералар иштеп жатат. Жол эрежесин бузууга эч кимдин акысы жок”-деди ал.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru