Матраимовдордун үй-бүлөсү Талас облусунун элине 100 тонна ун жардам бөлдү (ВИДЕО)

Матраимовдордун үй-бүлөөсүнө таандык кайрымдуулук фонду Талас облусуна 1000 кап ун жеткирип, жардамга муктаждарга таратып берди. Жуманын аягында кошумча дагы 1000 кап ун жөнөтүлөт.

Жалпысынан Таласка 2000 кап ун, 3000 медициналык бет кап көмөк көрсөтүшөт.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов Фейсбуктагы өздүк баракчасына жазды.

“Республиканын аймагына тарап жаткан гуманитардык жардам –Талас облусуна дагы жетип, аз камсыз болгон жана жардамга муктаж үй-бүлөлөргө таратылып берилди. 50 тонна ун жана 3 000 даана бет капты – жергиликтүү бийлик жана активдүү жаштар тийешелүү даректерге жеткирүүгө көмөк кылышты, аларга ыраазычылык билдиребиз. Мындан тышкары, ишемби күнү Талас облусуна дагы кошумча 50 тонна ун жөнөтүлөт.

Белгилей кетчү нерсе, касиеттүү Талас жергесинде илдет катталган жок. Исмаил Матраимов кайрымдуулук фондунун жамааты таластык туугандарыбызга ден-соолук каалап, кырсык-оорулардан алыс болуӊуздар деген тилегибизди билдиребиз!”-дейт эл өкүлү.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru