“Матрица 4” фильминин трейлери чыкты. (ВИДЕО)

Warner Brothers Russia YouTube каналына “Матрица 4: Воскрешение” деп аталган кинонун трейлери жарыяланды. Анда башкы ролду Киану Ривз ойнойт.

Трейлерде Нео Тринити (Кэрри-Эн Мосс) менен Неонун виртаулдуу жана реалдуу жашоо жөнүндө диалогу көрсөтүлгөн. Нео “бул жерде” болуп кеткендигин, ал эми Тринити ага дежавю сезими калгандыгын, бирок бир туруп кайра башкача көрүнөрүн айтып жатат.

Трейлерде башкы каармандардын өзгөчө окуялуу учурлары камтылган.

Андагы айтылган анонско караганда, Киану Ривздин каарманы матрицада жашайт, көк таблеткаларды ичет. Мурдагы сюжетте ал иллюзияда да болуп жана виртуалдуу дүйнөнүн бардыгына ишенгени баяндалган.

Тасманын премьерасы Россияда 16-декабрга пландалган. Белгилүү кинотеатрлар тармагы мурдараак кинонун калың элге качан көрсөтүлөрүн билдирген эле.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru