Мечиттеги жыйындан 190 адам коронавирусун жуктуруп алган

Үстүбүздөгү жылдын 15-мартка карата маалыматка ылайык, Малайзияда коронавирусту 190 адам жуктурду. Вирустун таралышын Шри Петалинг мечитинде болгон Таблиги жаамат конвенциясы менен байланыштырып жатышат. Бул боюнча чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, аталган өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлиги Таблиги жаамат жыйынына катышкан адамдардын санын карап чыкты. Министрликтен билдиргендей, 27-февралда 1-мартка чейин болгон иш-чараларга 16 миңдей адам катышкан. Анын ичинде 14500 адам малайзиялыктар, ал эми 1500 адам чет өлкөлүк жарандар болгон.

Иш-чарага катышкан Брунеянын 53 жаштагы жашоочусунан коронавирус аныкталган. Бирок мечиттин комитетинин төрагасынын орун басары Мохд Саллех Абд Мубин вирустун таралышы мечитке байланыштуу деген пикирлерди так эмес деп эсептейт.

Акыркы маалыматтарга караганда, Малайзияда коронавирус жалпы 428 адамга жуккан.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru