народный

“Тулпар ун” комбинатынан он тонна ун кайрымдуулукка таратылабы?

 Медер  Маматкаимов, “Тулпар ун” комбинатынын башкы директору: “10 тонна ун кайрымдуулукка таратылат ”

-Медер мырза, Оштогу “Тулпар ун” комбинатында  ун жетиштүү элеби?

-Жетиштүү эле, андан эч ким камсанабасын. Бүгүн эле Бишкектен 2500 тонна ун келди. Кечээ болсо 150 тонна келген. Эгер керек болсо унду дагы алдырабыз. Элдин муктаждыгын чечилет. Биздин комбинаттын иши толугу менен мэрдин көзөмөлүндө. Кечээ бир аз паника болуп кеткенде ар кандай сөздөр чыгып кетти.

-Ундун баасы казактар буудайын бербей коюп, дагы көтөрүлбөйбү?

-Биз түндүк Казакстандан буудай алып келип, өзүбүз унга айландырабыз. Ошондуктан мурдагы эле 1350 сом деген баадан түшпөйт жана көтөрүлбөйт. Өнөктөштөр менен сүйлөшүп койгонбуз, алар буудайды бербей койбойт.  Бул жагынан эч ким камсанабасын.

-Мисалы кайрымдуулук катары акчасы жок аз камсыз менен болгон үй-бүлөлөргө ун арзандатылып берилеби же?

-Учурда Ош шаарынын ишкерлери чогулуп 10 тонна унду сатып алышты. Даярдап койдук, буюрса бир эки күндө тарата башташат. Алардын максаты биздин аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ун менен камсыздоо болууда.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru