Медербек Саккараев: Менде Казакстандын жарандыгы жок, бул атаандаштардын тараткан маалыматы

№31 Чүй-Кемин округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Медербек Саккараев Vesti.kg сайтына берген маегинде буга чейинки Казакстандын жарандыгы бар деген маалыматты четке какты.

Саккараевдин айтымында, бул маалыматты анын оппоненттери тараткан.

«Алар шайлоо таза жана ачык өтөт деп күтүшкөн эмес», – деди ал. – Атаандаштар бул жарышта жеңебиз деп ойлошкон. Бирок алар калыс күрөштө жеңишке жетпесин түшүнгөндөн кийин оппоненттерине ылай ыргыта башташты. Албетте менде казак жарандыгы жок, болбосо кантип катталмакмын? Мен Казакстандын элчилигинен кат бердим, азыр БШК менин жарандыгым тууралуу маалыматты Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинен расмий түрдө сурады. Мындай маалымат кайдан келгенин билбейм. Жарыялаган аял бул документтерди кантип кокустан таап алган?

Депутаттыкка талапкер ошондой эле Казакстандын жарандыгынан качан чыкканы так эсинде жок экенин баса белгиледи. Ошол эле учурда Саккараев бул 2016-жылга чейин болгонун кошумчалады.

Эскерте кетсек, буга чейин Чолпон Сыдыкова аттуу колдонуучу Фейсбукка Медербек Саккараевдин Казакстандын жарандыгы бар экенин тастыктаган документтин сүрөтүн жарыялаган. Документке Алматы шаардык ички иштер башкармалыгынын миграция кызматынын башчысы К.Бүтүнчинов кол койгон.


Андан соң Vesti.kg сайтынын редакциясы Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматовдон түшүндүрмө сурады. Ал билдиргендей, арыз буга чейин тиешелүү органдарга жөнөтүлгөн.

«Эгерде талапкердин башка мамлекеттин жарандыгы бар экени аныкталса, БШК анын каттоосун жокко чыгарат», – деп жооп берди Бекматов.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru