Медетхан Шеримкулов: Айткан сөзүндөй иштешсе, бири чет жакка качып, бири абакта отурбайт болчу

Тышкы саясат, экономика, социалдык маселелер, чек ара, Кум-Төр, кымбатчылык,  анысы аз келгенсип пандемияны башыбыздан өткөрүп жатабыз. Чогултуп айтканда кыргыз бийлигине болгон сыноо деп турабыз. Мына ушундай сыноодон өтүп кетүү үчүн аксакал саясатчы катары эмнелерди айтасыз?

 – Мамлекеттик институттардын кадыр баркынын жоктугу болуп жатат. Биринчиде президенттик институт турат. Мына 5 президент кетти. Алардын биринин артында жакшы сөз калдыбы. Баары эле эл үчүн иштейм деп келип, сөзү менен иши дал келбеди. Айткан сөзүндөй иштешсе, чет жакта качып жүрүшпөйт эле, түрмөдө отурбайт болчу, экс деген наамынан айрылбайт эле да. Мына ушул себептерден улам элдин бул институтка болгон кадыр баркын  жоготуп алдык. 

-Ал эми Кум-Төр маселесин толугу менен  аягына чыгаруу керек. Убакыт, мөөнөтү  өтүп кетти деп кылмыш ишин токтотуп, күнөөлүүлөрдү  жоопкерчиликтен алып коюп атат.  Мөөнөтү өтүп кеткен болсо анда  бул  президент, төрага, примьер-минстрдин мынчалык күнөөсү бар  деп күнөлүүлөрдү элдин алдына алып чыгышсын. Ар биринин жүзүн эл билсин.  Мөөнөтү өтүп кеткен, мен таптазамын деп алган жутканын баарын жашырып жүрө бербей. Кийинкилер үчүн сабак болсун. Жеген ичкениӊ, мамлекетке келтирген зыяның баары бир күнү билинет. Бийлик түбөлүк эмес экенин түшүнүү кажет. Бийликтин мөөнөтү бүтөт. Бирок атың эл арасында калат. Артыңда кандай сөз калат. Бийлике келем дегендер ушуну ойлонуш керек. 

-Кийинки муундагы саясатчыларды көздөн өткөрүп келе жатасыз. Ийгилиги менен кошо кемчиликтери коштолуп келе жатат. Мактайлы десек окшошпой, сындайлы десек ашып кетишти дегендер да бар.  Кыргыз саясатчысы кандай болушу керек?

– Ар бир мамлекеттин саясат жүргүзүүдө өзүнүн өзгөчөлүгү болбой койбот. Дүйнөлүк саясатта атайын эрежелер бар. Саясатчы  билимдүү болушу керек. Экинчиден мамлекетин сүйүп, ошол мамлекеттин кызыкчылын коргогонго даяр болгон элдин  уулу же кызы болуусу кажет. Мен ушул мамлекетте жашап жатканыма капа болом. Себеби биздин мамлекет артта калган дегенге акысы жок.  Мен айтаар элем кандай кыйынчылык болбосун өз өлкөңдү сүй. Чоң саясатчы болуу үчүн патриоттуулук сезимди күчтүү болуусу шарт. Маселен, А. Акаев менен болгон пикир келишпестик Кум-Төрдөн башталган. Бул туура эмес чечим,  Кыргызстандын кызыкчылыгына иштебейт деп айтканбыз. Бирок 2-3 кишинин кызыкчылыгы үчүн канча  миллиард  акчаны жоготуп алдык. Анан биз ошол кишилерди эмне үчүн баатыр катары эсептешибиз керек. Кечиримдүү бололук дешет. Ооба кыргыз байыртадан бери кечиримдүү. Бирок алар өздөрүнүн кетирген кемчилигин билсин. 

– Ушул шайлоодо жаңылбай, талапкерлерди туура тандап алуу үчүн аксакал саясатчы катары элге кандай кайрылууңуз бар?

– Азыр баарыбыз чоң сыноонун алдында турабыз. 2005-жылы 23-мартта  парламент өзүнүн биринчи сессиясын ачты, анын эртеси март окуясы болду. Былтыр 4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгы  элдин нараазычылыгын туудурду. Бийлик колдогон партиялар тыйын таратып, добуш сатып алышты. Өзүбүздүн добушту сатып, өлкөнүн эртеңине кайдыгер карабай, быйылкы шайлоодо элге кызмат кылчу, тажрыйбасы бар, мамлекеттин мындан аркы келечеги үчүн бардык күчүн жумшай турган ак ниет уул-кыздарабызды шайлап алалы. Бардагыңыздарды быйылкы шайлоону таза өткөрүп алууга чакырам.

Изготовитель:«Koom.press» Адрес: г.Бишкек, проспект Манаса №64. Заказчик: ПП «Демократическая партия «Азаттык» (Видео) Изготовлено: « 25 ноября 2021 года. Оплачено из избирательного фонда Политической партии «Демократическая партия «Азаттык» уполномоченным представителем по финансовым вопросам Токтосуновой Гулирой Базаровной (регистрационное свидетельство №34 от 03.09.2021 года).

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru