Мээрим Жуманазарова орусиялык балбан кызды утуп, чемпион аталды

Мекендешибиз Мээрим Жуманазарова “Москва гран-приси – Алроса Кубогу” мелдешинде жеңүүчү аталды. Бул тууралуу Күрөш федерациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Мээрим Жуманазарова орусиялык балбан кыз Ханум Велиева менен кез келип, 3:2 эсебинде жеңишти камсыздады. Башка мелдештерден айырмаланып бул турнирде спортчулар бир гана жолу беттеш өткөрөт жана жеңишке жеткени “Москва гран-приси – Алроса Кубогу” мелдешинин чемпиону болот. Эске салсак, Мээрим Жуманазарова менен Ханум Велиева Ослодо өткөн дүйнө чемпиондугунун жарым финалында кез келишкен. Анда беттеш 3:3 эсебинде жыйынтыкталып, кыргыз балбан кызы жеңишке жетишкен. Беттештен кийин орусиялык машыктыруучулар калыстардын чечимине нааразычылык билдирип чыгышкан.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru