народный

MegaComдо байланыш калыбына келтирилди

”Байланыш кызматтарын көрсөтүүнүн убактылуу үзгүлтүккө учурашы жөнүндө “Альфа Телеком” ЖАК расмий түрдө төмөндөгүлөрдү билдирет:

Учурдагы өзгөчө абал шартында  интернет- трафикти колдонуу көлөмү өсүп жаткандыгына байланыштуу пайда болгон ашыкча жүктөмдүн  жана түйүндү жаңылоо жумуштарынын негизинде түйүндүн иштөөсүндө убактылуу мүчүлүштүктөр келип чыкты –  MegaCom абоненттеринин үн чалууларды аткаруусунда,  Интернетти колдонуусунда кыйынчылыктар жаралды. Мүчүлүштүктөрдү жоюу үчүн кошумча адам ресурстары тартылды.

Кыргызстандын аймагында жарыяланган карантинге байланыштуу, кызматкерлерибиздин бир бөлүгү аралыктан иштөө режиминде болгондуктан, калыбына келтирүү жумуштарына 40 мүнөттөй убакыт кетти.

Азыркы учурда түйүндүн иши толугу менен КАЛЫБЫНА КЕЛТИРИЛДИ. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru