Доктурларга жардам. «Мекеним» улуттук кыймылы коронавирус менен алдыңкы сапта күрөшүп жана көрүнбөгөн коркунуч менен күн сайын беттешип жаткандарга колдоо көрсөттү. ⠀ ⠀
Бүгүн «Мекеним» кыймылынын активисттери Ош облустук ооруканасына эки дезинфекциялык тоннелди тапшырды. Волонтерлор даярдаган бул жабдуулар кооптуу оорунун жаңы очокторунун пайда болушунун алдын алуу үчүн зарыл. Бул тууралуу аталган кыймылдан билдиришти.
⠀
Эми дарылоо мекемесинин аймагына кирип чыккан кишилердин бардыгы, атайын антисептикалык аэрозолдор менен зыянсыздандыруудан өткөрүлөт.
Дезинфекциялык өткөөлдөн вируска каршы атайын аэрозолдор чачылат. ⠀
⠀
Алар сырт кийим, баш кийим, бут кийимдеги, чачтагы жана теринин ачык жерлериндеги кооптуу бактериялар менен оору козгогучтарды жок кылат. Зыянсыздандыруу бир нече секунд аралыгында жүргүзүлөт. ⠀
⠀
Ошондой эле, активисттер облустук ооруканага 3500 беткап, көп жолу колдонулуучу 200 даана коргоочу комбинезон, дарыгерлер операцияда кие турган 40 атайын форма комплектисин өткөрүп беришти. Бул костюмдар Санкт-Петербургдан буйрутма менен алынган. Ар бир костюм 13 кошумча бөлүктөн турат (бахила менен фартуктан, респиратор менен көз айнекке чейин). Бул комлектилер вирустан коргонуунун жогорку класс сапатына ээ. ⠀
⠀
Жүктү өткөрүп берүү иш-чарасына катышкан «Мекеним» кыймылынын окүлдөрү, эпидемияны токтотуу үчүн зор күч-аракеттерди жумшап жаткан медицина кызматкерлерине ыраазылык билдиришти. ⠀
⠀
«Мекеним» кыймылынын активисттери чын жүрөктөн жарандык милдетин аткарып жатышканын баса белгилешет жана кайдыгер эмес жарандарды уюмга кошулууга чакырат.
“Биз бириксек бардык кыйынчылыктарды жеңе алабыз!
Бирге чогулуу – бул башталыш! Бирге калуу – өнүгүү! Бирге иштешүү – бул ийгилик!”-деп кошумчаланат маалыматта.