Мектеп кароолчусун тапанча менен коркуткан ээнбаш жигиттер кармалды

 Ээнбаштыкка шектелген жигиттер кармалды, деп билдирди бүгүн, 22-октябрда Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы.

Окуя кечээ, 21-октябрда саат 10:30 чамасында Панфилов районундагы мектептердин биринде болгон. Ошол күнү мектепке 2 жигит барган. Кароолчу аларга медициналык бет капсыз келишкенин эскерткенде, жигиттер ага агрессия көрсөтүп баштаган. Кароолчу менен жигиттердин ортосунда уруш чыгып, жигиттер тапанча алып чыгып, аны октоп, кароолчуну коркуткандан кийин унаага отуруп, качып кетишкен.

Аталган факт КЖБРга Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) менен катталган.

Жигиттерди кармоо үчүн милиция кызматкерлери «Колго түшүрүү» планын жарыялашкан. Анын жыйынтыгында Чүй ОИИББдин кызматкерлери ээнбаш жигиттердин биринин изине түшүп, аны Аламүдүн районунда кармашкан. Экинчи жигитти Чүй ОИИББ менен Панфилов РИИБдин кызматкерлери колго түшүрүшкөн.

Кармалган жигиттер 2001-жылы туулган А.З. жана 2003-жылы туулган Н.Б. экени белгилүү болду. Алардын бирөөнөн 15 огу бар газ-пневматикалык тапанча табылган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru