Мектеп окуучулары үчүн каникул учурунда китепкана онлайн режимде иштейт

Касымалы Баялинов атындагы республикалык балдардын жана жаштардын китепканасы каникул учурунда балдар үчүн жаңы – онлайн кызматын сунуш кылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Ал үчүн, bayalinovkaonline@gmail.com электрондук почтасына, китепкананын фондунда бар адабиятка билдирме жөнөтүү керек. Ар бир билдирме өз алдынча дыкат каралат. Билдирмени ыкчам ишке ашыруу үчүн, суроо-талап так жана түшүнүктүү жазылышы керек. Бир да билдирме көз жаздымга калтырылбайт.

Эске салсак, 16-марттан тарта Кыргызстандагы бардык билим берүү мекемелери үч аптага карантинге жабылган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru