Мектептеги ок атышуудан 3 окуучу каза тапты

Оксфорддогу (АКШнын Мичиган штаты) мектептеги ок атышуудан үч адам каза болуп, сегизи жарадар болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Ок атты деп 15 жаштагы мектеп окуучусу шектелүүдө. Милиция аны 911 кызматына телефон чалып, кармап кеткен. Шектүүнүн аты-жөнү жана себептери азырынча айтыла элек.

14 жаштан 17 жашка чейинки мектеп окуучулары каза болгон. Алардын бири ооруканага бараткан жолдо полиция унаасында көз жумду деп айтылат. Жабыркагандардын арасында бир мугалим бар, ал далысынан жеңил жаракат алып, ооруканадан чыгарылган. Жабыркаган калган жети окуучу ооруканада, айрымдарынын абалы оор.

Шектүү атасы сатып алган жарым автоматтык тапанчадан ок чыгарганы белгилүү болду.

Бийликтин айтымында, ок атуудан мурун социалдык тармактарда мектепке кол салуу коркунучу пайда болгон.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru