Мектептерде эки же андан ашык адамдан COVID-19 табылса карантинге жабылат

Өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал күчөп кеткен шартта окуу жайларды жабуу маселесин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары карашы керек. Бул тууралуу 14-январдагы онлайн брифингде Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Нурзида Касымова билдирди.

Алгоритмге ылайык, билим берүү уюмунда бир адамдан COVID-19 табылса класс жабылат, эки же андан ашык учур катталса окуу жай толугу менен 14 күнгө карантинге жабылат. Окуу процессин бардык санитардык шарттарды сактоо менен жүргүзүү зарыл. Окуу жайларды дезинфекциялоо жана анын аткарылышына мониторинг жүргүзүлүшү кажет. Билим берүү уюмдарында концерттер, чогулуштар, майрамдык иш-чаралардын өткөрүлүшүнө тыюу салынат”, – деди Касымова.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru