народный

“Мектептерим, окуучуларым… күт мени”. Камактагы Орхан Инандынын каты жарыяланды

Түркияда камакта отурган “Сапат” билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инандынын каты жарыяланды. Кат 2022-жылы 12-январда “Күтө тур, мен келем” деген тема менен жазылган. Катты жактоочу Таалайкүл Токтакунова социалдык тармакка жарыялады.

“Жаркын келечегибиздин кепилдиги болгон кооз мектептерим, урматтуу окуучуларым, бүтүрүүчүлөрүм, ата-энелерим, досторум, Ала-Тоом, Бишкегим, ата-бабадан калган Кыргыз жерим, берекелүү Ысык-Көлүм, ак кемем, күт, келем. Сулайман Тоосуна жүзүн салган сүйкүмдүү Ошум, Кадам-Жайым, көкүрөгүндө Шах-ы Мердан бар Исхак атанын элеси, Кызыл-Кыям, багыңда тентип кетем, Жалал-Абадым, менин жаңгак токойлорум, күтө тур, мен келем. Жолдо Жайыл Баатырга токтогон Таласым, карлуу тоолорду ашып Суусамырда сүт ичтим. Дүйнөдөгү эң узун дастаным Манас атам, Таласым, күт мени, келем. Өрөөндү карап Алланы эстеген Жусуп Баласагынга аманат болгон сулуу Төкмөлүк. Долонум, Жибек Жолунун дарбазасы Теңир-Тоо, назик сүйүүгө тойбой турган кооз жерим, күт, келем. Кыргызды тааныткан ата мекеним, Курманжан Датканы дүйнөгө көтөргөн Чыңгыз агам, Дүйшөнүң болом. Ыймандуу досторум, сүйгөнүм, күт, келем. Желегин желбиретип жамандын душманы болом. Көбүрөөк мектептерди ачып, жүрөккө кирем. Келечегибиздин кепилдиги жаштарыбыз үчүн жашайм. Келечек бүгүнкүдөн жакшы болот деген ишеним менен келем. Орхан Инанды 12.01.2022. Буюрса… Анкара-Синжан”, – деп жазылат катта.

Маалымат үчүн: Орхан Инанды ушул жылдын 1-июнунан бери дайынсыз болуп жаткан. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Орхан Инанды атайын операциянын негизинде колго түшүрүлүп, Түркияга жеткирилгенин кабарлаган. Былтыр ноябрь айында анын камактагы мөөнөтү узартылган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru