Мектептин кампасынан чыккан өрттөн 35 тонна көмүр күйүп кетти
Ысык-Көл облусунда жалпы орто билим берүү мектептин кампасынан чыккан өрттөн 35 тонна көмүр күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.
“22-ноябрда Ысык-Көл районуна караштуу Корумду айыл аймагынын Булан-Сөгөтү айылындагы Чалагыз Иманкулов атындагы орто мектептин кампасында 35 тонна көмүр күйүп кеткен. Көмүрдү айыл өкмөтүнүн трактор унаасы алып чыккан. Өрттүн себеби заттардын жана материалдардын өзүнөн-өзү күйүүсү”, – деп билдирет маалымата.