Мелис Турганбаев атаандашы Дастан Бекешевди шайлоодон четтетүүнү өтүндү

БШК №28 Октябрь шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер Мелис Турганбаевдин атаандашы Дастан Бекешевдин каттоосун жокко чыгаруу боюнча кайрылган өтүнүчүн карап чыкты.

Анын айтымында, Дастан Бекешев добуштардын көптүгү боюнча алдыда келе жатканы менен ал административдик ресурсту кыянаттык менен колдонуп, өспүрүм балдарга акы төлөбөстөн үгүт иштерине аралаштырып, шайлоо талаптарын таза аткарган жок.

Буга чейин БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бул фактылардын баары каралып, Дастан Бекешевге 7,5 миң сом айып пул салынганын айткан болчу. Кийинчерээк Бишкектин административдик соту БШКнын бул чечимин жокко чыгарган. Ал бир эле мыйзам бузуу боюнча эки жолу жазылган арыз кайра каралбастыгын кошумчалаган.

Ошондой эле Мелис Турганбаев БШКдан добуштарды кайрадан санап чыгуусун талап кылды. Бирок БШК буга карата эч кандай негиз тапкан жок.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru