Мен шайлоого катышайын дегем, бирок БШК документтерди кабыл алган жок, – Равшан Жээнбеков

Мурдагы депутат Равшан Жээнбеков алдыдагы Жогорку Кеңешке шайлоого катышууну пландаган, бирок БШК анын документтерин кабыл алган эмес. Бул тууралуу ал 29-сентябрда Биринчи май райондук сотунда билдирди.

Саясатчы Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, учурда СИЗО-1де камакта.

«Мен өз өкүлдөрүмдү ишеним кат менен жөнөттүм, бирок БШК мен, өзүм барышым керектигин айтып аларды кабыл алган жок. Мен камакта болсом кантип барам?», – деди ал.

  • Парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru