Мэрия көмүрдүн баасын жөнгө салууда

Биринчи Май акимиаты райондук муниципалдык аймактык башкаруу менен биргеликте көмүр сатуу боюнча соода түйүндөрүнүн ишин текшерүүдө.
Борбор калаанын мэриясынан билдиришкендей, салтка айланып, күз-кыш мезгилинде көмүрдүн бааларынын спекулятивдүү жогорулашына жол бербөө жана көмүр сатуучу жайлардын айланасында тазалыкты сактоо максатында соода түйүндөрүнүн сатуучулары менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
«Көмүрдүн запасы жетиштүү экендиги аныкталды. Бир кап көмүрдүн баасы (Кара-Кече) 170 сомдон 180 сомго чейин, ал эми бир тонна 3700-3800 сомго чейин », – деп айтылат билдирүүдө.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru