народный

Мэрия тойго барган кызматкерлерин токтоосуз иштен алат

Шаардык муниципалитеттин бардык кызматкерлерине  тойлорго жана эскерүүлөргө барууга тыюу салынат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев республикалык штабдын жыйынында билдирди.

Түлөбаевдин айтымында, майрамдык салтанатта көрүнгөн кызматкерлер арыз жаза беришсе болот.

«Тойлорду  кыдырганды токтоткула. Сиз өзүңүзгө жана башкаларга коркунуч туудурасыз. Аймактардан келгендердин бардыгы тойду Бишкекте өткөрүшөт. Ал жерде адамдардын  баарына вирус  жугат.  Эмне, акыркы сапарга узатуу зыйнатын өткөргүңүз келип жатабы? Күнү-түнү иштеп, өмүрүңүз үчүн күрөшүп жаткан дарыгерлерди аяп койсоңор боло », – деди Балбак Түлөбаев.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru