Мэрия жаңы жылга карата салюттан баш тартып, үнөмдөлгөн каражатты кайда коротоорун билдирди

“Мэриянын кызматкерлери жана мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев менен биргеликте жаңы жылдык салюттан  жана жаңы жасалгалардан баш тартууну чечтик”, – деди социалдык маселелер боюнча вице-мэр Айжан Чыныбаева.

Чыныбаеванын айтымында, жаңы жылдык майрамда  шаардын көчөлөрүн жана башкы аянтты жасалгалоо үчүн колдонууга жараган былтыркы жылдын оюнчуктары  колдонулат.

“Бардык үнөмдөлгөн каражаттар мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, ошондой эле биздин ардагерлерге  жумшалат”, – деди Чыныбаева.

Вице-мэр ошондой эле турмуштук оор кырдаалга туш болгон үй-бүлөлөргө жана жалгыз бой энелерге Аяз ата болууну каалаган шаардыктар кайрылса боло турганын жана биргелешкен пландарды талкуулоо сунушталарын айтты.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru