народный

Мэриянын имаратынын алдында кайрадан митинг өттү

Бишкек мэриясынын имаратынын жанында кайрадан митинг өттү. Кечээ жумуштан алынган вице-мэрлерди кайтарып берүүнү талап кылып, муниципалитеттин имаратына 70тей адам барды. Митингчилерге борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев чыкты. Жарандар, эгерде адам ооруп жаткан болсо, аны жумуштан алуу мыйзамдуубу деп сураганда Түлөбаев жок деп жооп берди. Митингчилер колдорунда “Вице-мэрлерди кайтарып бергиле! Иштешсин!» деген жазууларды кармап турушат. Эске салсак, буга чейин мэрдин м.а. вице-мэрлер Виктория Мозгачева менен Алымбек Абдылдаевди кызмат орундарын бошотууну суранган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru